Йеменде 2014-жылы "Ал-Каиданын” согушкерлери тарабынан туткундалган британиялык жаран бошотулду. Йеменде инженер болуп иштеген 64 жаштагы Дуглас Роберт Семпл Бириккен Араб Эмиратынын аскерлеринин атайын операциясынын жыйынтыгында туткундан куткарылды. Бул тууралуу Араб Эмиратынын өкмөтү өзүнүн расмий маалымат агентствосуна маалымдады. Бирок туткун кайсы жерден бошотулгандыгы боюнча толук маалымат чыга элек.
Семпл бошотулган со, порт Аденден аскердик тик учак менен Абу-Дабиге жеткирилип, ал жерден Британиянын аталган өлкөдөгү элчиси менен жолукту. Ошол эле күнү Семпл ооруканадан медициналык кароодон өткөрүлдү.
Бириккен Араб Эмираты Йемендеги шиит козголоңчуларына март айынан бери сокку уруп жаткан Сауд Арабия башындагы коалициянын курамында.