4-7-сентябрда Бишкекте өтчү фестивалдын максаты – айтуу өнөрүнө байланышкан чыгармачылыкты сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Фестивалга дүйнөнүн бардык бурчунан эпос айтуучулар, оозеки чыгармачылыкты алып жүрүүчүлөр жана башка этностук тарыхый искусствонун аткаруучулары катышат. Катышуучунун программасы өзүнүн каалоосу менен жандуу аткарууда аныкталат.
Фестивалдын салтанаттуу ачылышы 4-сентябрда Ала-Тоо аянтында өтөт. Иш-чара учурунда илимий конференция өткөрүлүп, “Кыргыз көчү” деп аталган этношаарча ачылат. Ал жерде боз үйлөрдүн сынагы, эпос жана дастан айтуучулардын конкурсу, “Көчмөндөр саркечи” деп аталган улуттук кийимдердин сынагы өтөт.
Аягында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда гала концерт уюштурулуп, сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат.
Мындай маалыматты фестивалдын уюштуруучусу Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.(ZKo)