Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Ошто чатакташкан “маичилер” иштен бошотулду


Жол кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы чатак боюнча интернетке жарыяланган тасма иликтенип, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгында иштеген төрт кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтык этиканы бузганы үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул милициясынын үч кызматкери жана жол кайгуул кызматынын бир кызматкери жумуштан бошотулду. Учурда алардын жеткекчилигине кызматтык жаза берүү маселеси каралууда.

Интернетте 22-августта пайда болгон алты мүнөттүк тасмада Иса аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш аттуу жол кайгуул кызматкеринин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт. Баласына болушкан экинчи кызматкер беркини оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тап берип жулунган. (SE)

XS
SM
MD
LG