Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

КСДП катарындагы кримчөйрө өкүлү “Дики” тизмеден чийилди


Парламенттик шайлоого КСДП менен бараткан Дилмурат Акпаралиев өз каалоосу менен тизмеден чыкты. Бул тууралуу аталган партиянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Шайлоого партиянын тизмесинде 57-орунда бараткан Дилмурат Акпаралиев 2011-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы катары камакка алынганын, кримчөйрөдө “Дики” деген каймана ат менен белгилүү экенин,“зордуктоо” жана “карактоо” боюнча да айыпталып, эки ирет соттолуп чыкканын “Азаттык” радиосу кабарлаган болчу.

Такталган маалыматтарга караганда, анын баштапкы фамилиясы Дооронов. Жалал-Абаддагы Ала-Бука жана Чаткал райондорун тескеген, кримчөйрөнүн тили менен айтканда, “положенец” экенин милиция жарыялаган. Бирок кандайдыр бир себептер менен камактан бошоп, Ала-Бука райондук кеңешине депутат болуп шайланган жана төрагалык кызматка чейин жеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG