Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Оор унаа ташыган ишкерлер бажы төлөмүнө нааразы


Оор унаа ташыган ишкерлер өкмөткө кайрылып, жаңы бажы төлөмүн алып турууну суранууда. Ишкер Айдин Намазовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бажы кызматы Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу оор унааларга бажы төлөмүн эки эсе көбөйттү. Ишкерлер бажы төлөмүн төлөгөн учурда, унааны сатып пайда көрбөй калабыз - деп, учурда жүздөн ашык оор унаа бажы терминалында турганын билдиришти.

"Өкмөт алдын ала бажы төлөмү көтөрүлөт деп эскертүү берген эмес. Биз унааларды алып келгенден кийин гана баа өзгөргөнүн билдик. Европадан оор унаа ташып, орто жолдо келаткандар да бар, алар дагы баа көтөрүлүп кеткенин билбей эле келе жатат",- деди ишкер Айдин Намазбеков.

Ишкерлердин көпчүлүгү насыя алып, оор жүк ташуучу унааларды алып келип сатаарын кошумчалашып, өкмөттөн бажы төлөмүн алып турууну өтүнүшүүдө.

Кыргызстан ушул жылдын 12-августунда ЕАЭБдин расмий мүчөсү болгон. Уюмдун талабына ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү товар алмашуу эркин болуп, ал эми башка өлкөлөрдүн товарларына бажы төлөмү жогорулайт.(SDz)

XS
SM
MD
LG