Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Кытайда баалуу кагаздардын баасы арзандоодо


Шанхай биржасы.
Шанхай биржасы.

Кытайдын баалуу кагаздар базарынын негизги индекстери бүгүнкү соодада 7%дан ашуунга төмөндөп кетти.

Төмөндөө кытай өкмөтүнүн мамлекеттик пенсиялык кордун акчасын баалуу кагаздар базарына инвестициялоо чечимине карабай орун алды.

Инвесторлордун кытай экономикасындагы солгундоо боюнча чочулоолорунан улам баалуу кагаздар индекси өткөн аптада 11%га төмөндөгөн болчу.

Кытайдагы кырдаал өз кезегинде Азиянын башка өлкөлөрүнүн баалуу кагаздар базарын да артка тартууда. Маселен бүгүнкү соодада Жапония биржасынын индекси 3%дан ашуунга ылдыйлады. (UE)

XS
SM
MD
LG