Аптасына 40 сааттан ашуун иштеген адамдар инсульт оорусуна арбын чалдыгышарын Lancet медициналык басылмасы кабарлады. Анда 600 миң киши изилдөөгө алынып, алардын ичинен 33 % аптасына 55 сааттан ашуун иштей турганы аныкталган. Минтип көп иштеген адамдардын 13 % инсультка чалдыккан.
“Ар бир ашыкча иштеген саат адамда инсульт менен жүрөк-кан тамыр ооруларына жакындаган жаңы кадам”,- дейт окумуштуулар. Аптасына 48 саатка чейин иштегендердин инсультка чалдыгуу коркунучу 10 % жогору болсо, 54 сааттан ашык иштегендердики 27 % чыгат. Лондон университетинин эпидемиолог профессору Мика Кивимакинин айтуусунда, аталган изилдөө 8 жарым жылдык убакытты алган. (BCh)