Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Украина президенти аскер санын көбөйтүүнү убада кылды


Киевдеги аскерий парад. 24-сентябрь, 2015-жыл.
Киевдеги аскерий парад. 24-сентябрь, 2015-жыл.

Петро Порошенко бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган парадда билдирди. Анын айтуусунда, Украина аскерлердин санын Орусия колдогон жикчилердин өлкө чыгышындагы кол салууларына туруштук берүү үчүн көбөйтөт.

Порошенконун ырастоосунда, Орусия –Украина чек арасында азыр орусиялык 50 миң аскер турат, дагы 9000 жоокер орусиялык жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта тикелей жардам көргөзүүдө.

Порошенко кошумчалагандай, Орусиядан жаңы аскерий кербендер Украинага өткөн аптада дагы келген.

Москва Киевдин жана Батыш өлкөлөрүнүн орусиячыл жикчилдерге курал жана аскер жагынан жардам берип жатат, деген айыптоолорун такай төгүндөп жүрөт.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча Минскиде быйыл февралда кол коюлган келишим бузулууда.

Украина президенти Петро Порошенко Минск келишиминин аткарылышына байланышкан маселелерди бүгүн Берлинде немец канцлери Ангела Меркел, француз президенти Франсуа Олланд менен талкуулаганы жатат.

Былтыр апрелден бери Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалдан 6800 ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG