Ажылык зыяратка баруучулардан турган төрт топ бүгүн Ош эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учушат. Ар бир топто 49 киши бар. Кийинки катардагылар 27-августта Бишкектен сапар алышат.
24-августта Ислам университетинде муфтийдин орун басары Равшан Эратов Меккеге баруучу ажылык топтордун башчылары менен жолугушту. Р. Эратов топ башыларды бири-бири менен тааныштырып, ажылык сапардын тартиби, Сауд Арабиясынын негизги мыйзамдары тууралуу айтып берген.
Ажылык сапарга Кыргызстандан төрт миңге жакын киши барат.
Быйыл Меккенин ыйык жерлерине зыярат кылуу 20-сентябрда башталат. Ага 1,5 млн. киши барары күтүлүүдө. Былтыр 2 млн. адам ажылык парзын аткарып келишкен.(ZKo)