Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

"Росинбанктын" уурулукка шектелген кызматкери кармалды


Пенсиядагы жарандардын банкка салган акчасын уурдап качып кеткен “Росинбанктын” Кочкор-Ата шаарындагы филиалынын мурдагы бөлүм башчысы Акмат Мырзакматов 24-августта Санк-Петербург шаарынан камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан Мырзакматовго 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине (ыйгарылган мүлктү ээлеп алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыланган. Анткени банк кызматкери кардарлардын аманат акчасын өз кызыкчылыгына колдонуп, жарым миллион сомду уурдагандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү адамдын жоктугунан карылардын аманат акчасы кайтарылбай, кылмыш иши убактылуу токтоп турган. Учурда кармалган жаранды Кыргызстанга алып келүү чаралары көрүлүүдө.

Акмат Мырзакматов 2010-жылдан 2014-жылдын жай айларына чейин “Росинбанктын” Кочкор-Ата шаарындагы филиалында бөлүм башчы болуп иштеген.(RsK)

XS
SM
MD
LG