Кош Корея өкүлдөрүнүн Пханмунжон аймагында өткөн сүйлөшүүлөрдө тараптар Корей жарым аралындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишимге жетишти. Түштүк Кореянын Ренхал маалымат агенттиги билдиргендей, келишимге ылайык, Сеул чек арадагы үн күчөткүч аркылуу үгүт жүргүзүүнү токтотот. Пхеньян Түштүк Кореянын эки аскери минадан жарадар болушканына өкүнүчүн билдирди.
Өткөн жумада эки өлкөнүн аскерлери жана аскердик техникалары согуштук даярдыкка келтирилген болчу.