Дүйшөмбүдө америкалык биржалардагы соода негизги индекстердин кескин ылдыйлоосу менен аяктады. Эң баалуу S&P 500 индекси төрт пайызга арзандап, 30 ири концерндин капиталын чагылдырган Dow Jones индекси 588 пунктка чейин төмөндөдү. Соода башталган алгачкы мүнөттөрдө Доу Жонс миң пункттан ылдый кетти, бул аталган индекстин тарыхындагы эң төмөн түшүү.
АКШда өндүрүлгөн мунайдын баррели дүйшөмбүдө 38 доллар 24 центке түштү. Ал эми Брент үлгүсүндөгү мунай Лондондогу биржада алты пайызга төмөндөп, бир баррели 42 доллар 69 центке бааланды.