Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Ташкенде газ түтүгүнүн жарылуусунан кеминде 16 адам жабыркады


24-август күнү саат кечки тогуз чамасында Өзбекстандын Ташкен облусундагы «Янгияр-Тошкент» газ түтүгү жарылган. Күбөлөрдүн айтуусунда, жарылуунун күчүнөн эки чакырым радиустагы үйлөрдүн терезелери силкилдеп, жарылуу болгон жердеги оттун жалыны бир нече чакырымдарга чейин көрүнүп турган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, жарылуудан пайда болгон өрттү өчүрүүгө аймактагы болгон өрт өчүрүүчүлөрдүн баары тартылган. Расмий түрдө жабыркагандар жок деп айтылганы менен, социалдык тармактарда жарылуудан жабыркап ооруканага кайрылгандар кеминде 16 киши болгону тууралуу жазылды.

Жарылуудан газ түтүгүнө жакын жайгашкан айдоо аянттары күйүп кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG