Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин тапшыруу мөөнөтү бүгүн кечки саат алтыда токтотулат.
Буга чейин талапкерлердин толук тизмесин 11 партия тапшырганы кабарланган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, азырынча “Бир бол”, “Азаттык”, “Республика Ата-Журт, “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, "Замандаш", "Улуу Кыргызстан" жана "Аалам" партиялары тизмелерин беришкен.
Тизмелер он күн ичинде Боршайком тарабынан текшерилет. 4-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгү башталат. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт.
Парламенттик шайлоого катышарын башында 34 партия билдирген болчу.(ZKo)