ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

Пан Ги Мун Пальмирадагы храмдын кыйратылышын сынга алды

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ИМ тобунун согушкерлери тарабынан Баал-Шамин храмынын кыйратылышын жана аны крап туруучу 81 жаштагы археологдун өлтүрүлүшүн сындап, террорчулардын “бул жапайы аракеттери Сирия калкына жана мурастарына каршы акыркы төрт жылдан берки кылмыштарын улантып келе жатканына” нааразылык билдирди.

ИМ тобунун согушкерлери Пальмирадагы биздин доордун 1-кылымына таандык көөнө храмды талкалашкан. Алар ошондой эле тарыхый жайды караган 81 жаштагы археолог Халед Асадды бир ай туткунда кармап, 18-августта өлтүрүшкөн.

Мурдараак ЮНЕСКОнун башкы деректири Ирина Бокова Баал-Шамин храмынын кыйрашы Сирия гана эмес, жалпы адамзат үчүн чоң жоготуу болгонун билдирген эле.

​
XS
SM
MD
LG