Алай районундагы Ленин айыл аймагында 24-августтагы нөшөрлүү жаандан улам турак-жайлардын короолорун суу каптап, 3 чакырым ички чарбалык жол бузулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сел 16 турак-үйдүн короосуна кирип, анын ичинен 6 үйдүн ички бөлмөлөрүн да суу баскан.
Маалыматка ылайык, сел каптаган үйлөрдүн айрымдарынын ээлерине башка жерге көчүү сунушу буга чейин айтылганына карабай, кооптуу аймакта жашап келишкен.
Адистер селдин зыянын тактап жатышат. (SE)