Бүгүнтөн тарта шаар бийлиги күч кызматтардын көмөгү менен эски автобекетке кирүүчү жолдорду тосту. Кошуна облус район жана шаарларга каттамдардын баары шаардын түштүк тарабында жайгашкан жаңы автобекетке көчүрүлдү. Бирок айдоочулар жаңы бекетте кардар жок экенин айтып, нааразы болуп жатышат.
Ош шаардык бийлигинин мындан мурда унааларды жаңы автобекетке эки жолу көчүрүү аракетинен майнап чыккан эмес эле.
Жаңы автобекет 2010-жылдагы июн окуясы учурунда өрттөнүп кеткен. Андан бери толук калыбына келтириле элек. Ал эми буга чейин иштеп турган эски автобекет шаардын чок ортосунда жайгашып, айланасында дайыма унаа тыгыны пайда болчу. (YI)