Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Ош шаар соту ири наркобаронду үй камагына чыгарды

Ири өлчөмдөгү маң зат сатуу менен алектенет деген шек менен өткөн айда кармалган Хайрулло Мамаханов кечээ - 24-августта Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” күч тармагындагы булактар билдирди. Шаардык сот азырынча комментарий бере элек.

Хайрулло Мамаханов “Лило” деген каймана ат менен белгилүү. Ага издөө жарыяланып, быйыл 21-июлда Ошто колго түшкөн эле.

Маалыматтарга караганда, ал мурда бир тоннадай маңзат менен кармалган. 2010-жылы июнь окуясында анын үйүнөн брондолгон КамАЗдар чыкканы да айтылып жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG