Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Гератта газ цистернасынын жарылышы 11 кишинин өмүрүн алды


Ооганстандын Герат шаарында газ цистернасын тарткан машина жарылып, кеминде 11 киши, көбү жашы жетелек балдар мерт болушту. Облустук оорукананын өкүлү дүйшөмбү күнү кечинде болгон окуядан 18 киши жараланганын маалымдады.

Цистерна газ ташуучу компаниянын комплексинде жарылган. Кампалар ички качкындар лагерине жанаша жайгашкан. Маалыматка караганда, денесинин 90 % көбү күйгөн 4 киши дарыланууга Иранга жөнөтүлдү.

Цистерна эмне себептен жарылганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG