Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Жалал-Абадда мугалимдердин билим деңгээли сыналат


Жалал-Абад облусундагы жалпы билим берүүчү мектептерде иштеген мугалимдер жаңы окуу жылынын 1-чейреги ичинде жапырт диктант жазып, алардын билим сапаты текшерилет. Мындай чечим бүгүн облакимчиликте жаңы окуу жылына карата даярдык иштерин талкуулаган жыйында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, соңку жылдары облуста билим сапаты 52 % түзүп, олимпиадалык сынактарда окуучулар жакшы көрсөткүчкө ээ боло албай келатышат. Быйыл 388 окуучу артыкчылык аттестат алуу үчүн сынакка катышып, анын 10% жетпегени гана билими жетиштүү экенин далилдей алышкан.

Облус аймагында 469 жалпы билим берүүчү мектепте 14 миңден ашуун миң мугалим эмгектенет.

Cынакты облустук усулдук билим берүү борбору уюштурат. (RsK)

XS
SM
MD
LG