Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Өкмөт мектеп формасынын жалпы стандартын бекитти


Өкмөт мектеп окуучуларынын жаңы бирдиктүү формасын эмес, жалпы стандарттагы кийимди бекитти. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Буга байланыштуу мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйругу жокко чыгарылды. Ошол элде учурда бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл костюмду кийүүгө да тыюу салынбайт.

Жакында билим берүү жана илим министри Элвира Сариева мектеп жетекчилиги 10-сентябрга чейин ата-энелердин катышуусунда жыйналыш өткөрүп, кандай форма (үлгүсү, түсү) ылайыктуу экенин тандап алуу керектигин айткан эле. (AiJ)

XS
SM
MD
LG