Узун тизмесин сыр сактап келаткан “Кыргызстан” партиясы бүгүн талапкерлердин аты-жөнүн жарыялады. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, тизмеде 177 киши бар. Алдыңкы ондукка Канатбек Исаев, Азизбек Турсунбаев, Нурбек Алимбеков, Чолпон Султанбекова, Жыргалбек Калмаматов, Эркин Тентишев, Дастанбек Жумабеков, Гүлмира Орозалиева, Урмат Ишенбеков жана Тынчтыкбек Конушбаев кирген.
БШКга тизмелерди тапшыруу бүгүн кечки саат 18:00дө токтотулат.
Буга чейин талапкерлердин толук тизмесин 13 партия -“Бир бол”, “Азаттык”, “Республика Ата-Журт, “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, "Замандаш", "Улуу Кыргызстан", "Мекен ынтымагы", "Аруу эл" жана "Аалам" беришкен.
"Кыргызстан" партиясы менен ушу кезге чейин тизмесин БШКга тапшырган партиялар 14.
Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталат. Добуш берүү 4-октябрда өтөт.
Парламенттик шайлоого катышарын башында 34 партия билдирген болчу.(SE)