Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев иш бөлмөсүндө пара алып жаткан учурда кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү аны 8 миң сом пара алып жаткан учурда, бүгүн түштөн кийин колго түшүргөнүн “Азаттыкка” атайын кызматтан кабарлашты.
Азырынча ал параны кандай максатта сураганы так эмес. Кубанычбек Мамакеев мурда Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгында жетекчилик кызматта иштеген. (SE)