Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Орусия соту украиналык режиссерду 20 жылга кести


Александр Кольченко (солдо) менен Олег Сенцов сот залында. 21-август, 2015-жыл
Александр Кольченко (солдо) менен Олег Сенцов сот залында. 21-август, 2015-жыл

Украиналык режиссер Олег Сенцов Орусиянын соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөмөкчү. Крымдык активист Александр Кольченко болсо 10 жылга кесилди.

Крымдын тургуну Сенцов былтыр Орусиянын жарым аралды аннексиялашына каршы чыккан. Бир нече айдан кийин Крымдагы орусиячыл уюмдун кеңсесине кол салууну уюштурууну пландаган деген шек менен кармалган.

Түндүк Кавказ аскердик сотунун көчмө жыйынында 19-августта прокурор соттон Сенцовду 23 жылга, Кольченкону 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Сотто акыркы сөзүн сүйлөгөн режиссер "баскынчылардын соту адилет боло албайт" деп айтты.

Орусиялык мемориал укук коргоо борбору экөөнү саясий туткун деп атады.

XS
SM
MD
LG