Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Өкмөт шайлоого керектүү 224 млн. сомду толугу менен бөлдү


Бул тууралуу 25-августта БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов журналисттерге билдирди. Төраганын айтуусунда, шайлоого даярдык өз нугунда жүрүүдө. Ушул тапта 2 млн 417 шайлоочу катталды, 204 маалымат каражаты шайлоо алдындагы өнөктүктү жана добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырууга аккредитация алды. Эми 29-августта партиялардын лидерлери менен шайлоодогу Этика кодексине кол коюлат. Туйгуналы Абдраимов шайлоочулардын тизмеси эч качан бүгүнкүдөй сапатсыз болбогонун белгилеп, бир гана Бишкекте 200 миң киши тизмеге кирбей калганын айтты.

БШК төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалымат чогултуп иштеген мугалим жана башка адамдарга бир жылдан бери кызмат акысын төлөп бербегенин айтып, буга БШКнын тиешеси жок деп билдирди.(RK;ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG