Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

БУУ Иракта үч кишинин өлүм жазасына тартылганын айыптады


Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссариаты Ирактын Күрт автономиялуу аймагында бир кишинин жана анын эки жубайынын соттун өкүмү менен өлтүрүлүшүн айыптады. Алар эки кызды уурдап өлтүргөндүгү үчүн айыпталган.

Комиссариаттын 25-августтагы билдирүүсүндө айтылгандай, Фархад Жаафар Махмуд, Кунча Хассан Исмаели жана Бериван Хайдер Карим 12-августта дарга асылган. Соттун өкүмү болсо 2014-жылдын апрелинде чыгарылган. Автономияда 2008-жылы өлүм жазаларын аткарууга “расмий эмес мораторий" жарыяланган. Ал эми аймактын Жогорку сот кеңешинин өкүлү президент Масуд Барзани ал чечимди жактырганын билдирди. БУУнун мекемеси белгилегендей, Иракта 2004-жылы өлүм жазасы калыбына келтиригенден бери 600дөн көп киши өмүрүнөн ажыратылган.

XS
SM
MD
LG