26-августта Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге тармактын көйгөйлөрүн талкуулашат. 25-августта тигүүчүлөр аталган базарга келип, андагы сатылып жаткан жип-шуу, топчу жана башка керек буюмдардын баасы бир нече эселеп кымбаттап кеткенине нааразылык билдиришкен.
Тигүү тармагынын өкүлдөрү базардагы товарлар Кыргызстан ЕАЭБге кире электе апкелинген болсо да, өлкө биримдикке кошулары менен баалардын асмандаганын мыйзамсыз деп эсептешет. Алар бул маселеде “Мадина” базарынын жетекчилигинин да тиешеси бардыгын белгилеп, базардагы товарлардан түшкөн пайдага алар үлүшкө отурган деп күнөөлөшүүдө.
Бүгүнкү талкууга Кыргызстандагы Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясы, Экономика министрлигинин тиешелүү жетекчилери да чакырылган.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 12-августтан тарта толук мүчө болду. Биримдиктин шарттарына ылайык, ага мүчө болбогон өлкөлөрдөн алып келинүүчү товарлардын бажы төлөмү мурдагыдан 3-4 эселеп кымбаттайт.
24-августта соодагерлер 12-августтан бери Торугарт жана Эркеч-Там бажы бекеттеринде Кытайдан товар алып келаткан унаалар өткөрүлбөй кармалып турганын айтып, өкмөткө кайрылуу жолдошкон.(ZKo)