Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Бишкектик шайлоочулар тизмеcин тактай алышат


19-августтан 19-сентябрга чейин борбор калаада «Шайлоочулардын тизмесинен өзүӊдү текшер» өнөктүгү жүрүүдө. Ага ылайык, шаар тургундары катталган жеринен шайлоо участкаларына барып, добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен өздөрүнүн аты-жөнүн текшере алышат.

Бишкек шаарында 204 шайлоо участогу бар. Ар бир участокто биометрикалык маалыматтардын негизинде чогултулган шайлоочулардын тизмеси жарыяланган.

Ал эми Бишкек шаарынын каттоосуз тургундары үчүн 39 кошумча шайлоо участкалары ачылды. Азыркы учурда Бишкекте жашап туруп, бирок Кыргызстандын башка аймагында катталган жарандар шайлоочулардын тизмесине кошулуу үчүн атайын форманы толтурууга тийиш.

Бишкек мэриясында жана райондук акимчиликтерде тизмеге байланыштуу шаар тургундарынын кайрылууларын кабыл алуу үчүн «кызуу линиялар» иштеп жатканын шаар башчынын басма сөз кызматы билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG