Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда бүгүн 1 АКШ доллары 67 сомго барабар болууда. Ал эми Улуттук банктын расмий эсеби боюнча 65 сом 30 тыйындан сатылып алынууда.
Кыргыз сому 20-августтан тарта АКШ долларына карата салмагын кайра жогото баштаган. Бир апта мурун 1 доллар 62 сомго тең эле.
Адистер муну казак теңгесинин куну түшкөнүнө байланыштырган.
Рублге карата катыш эки-үч күндөн бери туруктуу сакталып турат. Учурда бир рубль - 90 тыйындын тегерегинде.
Ал эми 1 евро 75 сомдон жогору. (SE)