Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Астанадагы жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Андан кийин Шариф казак премьер-министри Карим Масимов менен эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана транзиттик-транспорттук тармактарда иштешүү боюнча макулдашууларга кол койду.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта “Исламабад бир эле Астана менен эмес, Борбор Азиянын башка мамлекеттери менен да кызматташууга кызыкдар” экени айтылат. (ErN)