Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Мамкаттоо 2,5 млн. ашуун шайлоочунун тизмесин тактады


Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, учурда Кыргызстандагы шайлоочулардын тизмесинде 2 миллион 521 миң 503 адам бар. Мындан он күн илгерээк тизме 100 миң кишиге азыраак болчу. Бүгүн тизменин толукталган варианты БШКга сунушталды.

Тизмени тактоо учурунда башка мамлекетке көчүп кеткен жана дүйнөдөн өткөн 3010 адам, жашаган жери так эмес 2579 киши өчүрүлдү.

Шайлоочулардын тизмесин аныктоо жумуштары дагы улантылат. (SE)

XS
SM
MD
LG