Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Жеке менчик билим мекемелеринин саны өсүүдө


Акыркы беш жылда Кыргызстанда жеке менчик билим берүү мекемелеринин саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жеке менчик бала бакчалардын саны 80 жетип, аларда 5297 бала тарбияланууда. 2010-жылы 48 жеке менчик бала бакча болгон.

Жеке жалпы билим берүүчү мектептердин саны 66, лицей жана негизги билим берүүчү мектептер - алтоо. Беш жыл мурун алардын саны 38 эле. Өткөн жылы жеке менчик мектепте окуган балдардын саны 16518 жеткен. Төлөм акысы 2 миңден 11 миң АКШ долларына чейин.

Ал эми жеке менчик жогорку окуу жайлары кыскарууда. Беш жыл мурда андай жогорку окуу жайлардын саны 23 жетсе, учурда 19.

XS
SM
MD
LG