Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28

Facebook колдонуучулардын маалыматтарын Орусияда сактабайт


Facebook социалдык тармагы өзүнүн колдонуучуларынын өздүк маалыматтарын Орусиядагы серверлерде сактоодон баш тартты. Бул тууралуу “Роскомнадзор” мекемесенин жетекчиси Александр Жаров менен Facebookтун Скандинавия, Орусия, Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча коомдук саясат бөлүмүнүн башчысы Томас Мируп Кристенсендин жолугушуусунда белгилүү болду. Кристенсен алардын компаниясы маалыматтарды Орусияда кармоо зарылчылыгы жоктугун жана бул аракет аларга пайдасыз экенин айтты.

“Өздүк маалыматтар жөнүндө” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга Орусия президенти Владимир Путин өткөн жылдын декабрь айында кол койгон. 1-сентябрдан баштап күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, орус жарандарынын өздүк маалыматтары менен иш алып барган компаниялар маалыматтарды Орусияда сактап, иштетиши керек. Андай кылбаган мекемелерди “Роскомнадзор” жаап салмакчы.

Бир нече чет элдик компаниялар, анын ичинде Samsung жана eBay маалыматтарын Орусияда сактоого убада беришти. Ошол эле кезде “Роскомнадзор” мыйзамды аткарууга макул болбогон Facebook менен Google компанияларына 2016-жылдын башталышына чейин убакыт берерин кабарлады. (ErN)

XS
SM
MD
LG