Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Жалал-Абадда "Чогулуп кино көрөбүз" иш-чарасы өтөт

Бүгүн кечинде Жалал-Абад жаштар борборунда "Чогулуп кино көрөбүз" акциясы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Жалал-Абад шаар башчылыгынын жаштар комитетинин төрагасы Айбек Жолборсов "Азаттыкка" билдирди.

Ачык асман алдындагы кинокөрүүгө каалоочулардын баары катыша алат. Келгендерге тарбиялык мааниси бар 5 тасма сунушталып, алардын арасынан тандалып алынган тасма көрсөтүлөт. Соңунда кинодон алган таасирлер боюнча талкуу жүрөт.

Иш-чаранын максаты - жарандардын башын бириктирүү, эми ал ай сайын уюштурулмакчы.

Буга чейин мындай акция Бишкек шаарында өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG