Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:50

Давутоглу Түркия өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Ахмет Давутоглу. 17.8.2015.
Ахмет Давутоглу. 17.8.2015.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин премьер-министр болгон Ахмет Давутоглуга 1-ноябрга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоого чейин иштеп туруучу утурумдук министрлер кабинетин түзүүнү тапшырды. Июнда өткөн шайлоодон бери Давутоглу парламентте көпчүлүк коалиция түзө алган жок. Анын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы (АКП) 2-июнда өткөн парламенттик шайлоодо күртчүл Элдик-демократиялык партиянын парламентке келиши менен көпчүлүктү түзө албай калган.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ахмет Давутоглунун утурумдук өкмөт түзүүгө беш күн убактысы бар. Июндагы шайлоодо экинчи болуп келген негизги оппозициялык Республикалык-элдик партия жаңы өкмөт түзүү үчүн мандат берүүнү суранган. Бирок президент Эрдоган кайра шайлоо өткөрүүнү артык көрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG