Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

МАИ кызматкерин ашата сөккөн ЖК депутаты элден кечирим сурады


МАИ кызматкерин ашата сөккөн парламент депутаты Акылбек Султанов “Азаттык” аркылуу жалпы элден кечирим сурады:

-МАИ кызматкерлери Өзгөндөгү базарга кире бериште туруп алып, токтотулган унаалардын ээсинен мыйзамсыз акча алып жүрүшкөнү тууралуу доомат менен мага кайрылышкан. Мен алардын тарабын талашам деп барып, өзүм ошондой абалга кабылдым. Менин депутат экенимди билип туруп, орой мамиле кылып, колумду кайрыган учурда кызуулукка алдырып, жаман сөздөр менен сөгүнгөн экенмин. Бул үчүн жалпы элден кечирим сурайм.

Акылбек Султанов жакында эле интернетке тараган тасмадагы окуя өткөн жылы апрель айында болгонун, бул окуя боюнча тиешелүү органдарга кайрылганын кошумчалады. Султановдун пикиринде, тасманын парламенттик шайлоо алдында интернетке жарыя болушуна атайын кызыкдар күчтөр бар. (MTo;ZKo)

XS
SM
MD
LG