Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Жанар Акаев президенттин пресс-катчылыгынан кетти


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Белгилүү болгондой, ал социал-демократтар партиясы аркылуу 4-октябрда өтө турган шайлоого катышат. Талапкерлер тизмесинде ал 7-орунда.

Мамлекет башчынын пресс-секретары болуп Жанар Акаев быйыл февраль айында дайындалган. Ага чейин 7 жыл “Азаттык” радиосунда кабарчы, "Азаттык+”, кийин “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу болуп иштеген.

Коомдогу көйгөйлөрдү ачык-айкын чагылдырып, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Прогрессивдүү демилгелер фондунун “Акыл-Тирек”, Мелис Эшимканов атындагы фонддун “Курч калем” сыйлыктарын алган, бир нече жолу “Жылдын мыкты алып баруучусу” аталган. (RK)

XS
SM
MD
LG