Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Оксана Малеванаянын соту башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.
Малеваная мурдагы президент Курманбек Бакиевдин алдында түзүлгөн катчылыкты башкарып турган болчу. 2010-жылдагы окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен.
Кыргызстандын тергөө органдары аны Кылмыш-Жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) жана 211-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптоодо.
Кылмыш иш “Учкун” ачык акционердик коомунун имаратынын 15-16-кабаттарын “КООРТ” телекомпаниясы үчүн мыйзамсыз бөлүп алуу фактысы боюнча козголгон. (RK)