Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Шайлоо-2015: Операторлор жаңы техниканы өздөштүрүүдө


Мамлекеттик каттоо кызматы парламенттик шайлоого Жапониядан келген техникалык жабдуу менен иштөөнү операторлорго үйрөтүп жатат. Каттоо кызматынын маалымат катчысы Элзат Кыдырмышеванын “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Ош жана Жалал-Абаддагы шайлоо участкаларында кызмат кылчу 35 оператор шайлоо техникасы менен таанышууда.

Кыдырмышева кошумчалагандай, окуудан өткөн операторлор облустарга барганда башка шайлоо участокторундагы операторлорго шаймандардын өзгөчөлүгүн үйрөтөт. Окуу курстары 29-августка чейин уланып, бардык облустарды камтыйт.

Буга чейин Ысык-Көл жана Таластан 45 оператор борборго келип, үйрөнүп кеткен.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо өлкө боюнча 7 миңден ашык оператор кызмат кылмай болууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG