Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Ишкерлер кыргыз-казак чек арасынан өтүү оорлошуп кеткенине нааразы


Казакстанга товар ташыган кыргызстандык ишкерлер кыргыз-казак чек арасынан өтүү күндөн күнгө оорлошуп баратканын айтып нааразы болууда. Казакстандык чек арачылар алардан акча талап кылып жатканын бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Дордой” соода комплексинин кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди. Анын айтымында, чек ара бекеттеринде абал күндөн күнгө оорлошуп, акча бермейин товар өткөрүү кыйынга турууда. Ошондой эле ал өкмөт ишкерлердин дооматтарын укпай, чек арадагы өзүм билемдикке карата эч кандай чара көрбөй жатканын айтты.

Аталган маалымат жыйынына катышкан Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов мындай жагдай жакынкы күндөрү чечилерин убада кылды. Анын белгилешинче, Кыргызстан чек ара боюнча келишимдерди так аткарууну ТИМ аркылуу Казакстандан талап кылат. Министр өз сөзүндө Казакстандын аймагында мыйзамсыз төлөмдөр жүргүзүлүп жатканы текшерүү учурунда да аныкталганын белгиледи.

Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан быйыл 12-августта кирген. Өлкө жетекчилиги мындан ары кыргыз-казак чек арасынан адамдар, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр эч тоскоолдуксуз өтө баштайт деп убада берген. (AiJ)

XS
SM
MD
LG