Кытай менен кызматташтык Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Үч жыл ичинде Кытай өкмөтү Кыргызстанга 1 миллиард юан грант бөлөт. Исаковдун айтымында, кытай тарап мындай чечимди Алмазбек Атамбаевдин жеке өтүнүчүнөн кийин кабыл алган.
- 350 миллион юаны Кыргызстанга келди. Бул акчага Бишкектин жолдору оңдолууда, жалпысынан 45 көчө оңдолот деген ойдобуз, - деди Сапар Исаков.
1-3-сентябрь күндөрү президент баштаган кыргызстандык расмий делегация Кытайда болот. Алмазбек Атамбаев Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанатка катышат.(JM)