Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Ливия жээгинде 500 мигрант отурган эки кайык оодарылып кетти


Учурда куткаруу иштери жүрүүдө. Маалыматтарга караганда, азырынча жүз чамалуу киши куткарылды. Дагы жүздөгөн адамдар дайынсыз жок экендиги айтылууда. Качкындар кайык оодарылганда алдында калып чөгүп кетишкен болуу керек.

Жыл башынан бери Ливиядан Италияга барууну каалаган эки миңден ашуун мигрант деңизге чөгүп набыт болушту.

27-августта Австрия бийлиги Венгрия менен чек арасында жүк ташуучу унаадагы муздаткычтан 50 чакты мигранттын сөөгүн табышкан, машиненин айдоочусу жок болуп чыкты. Полиция айдоочу изделип жатканын билдирип, андагы кишилер Австрияга жетпей эле өлгөн болушу керек деп болжолдоодо.

Бул окуядан кийин БУУнун качкындар комиссариатынын басма сөз катчысы Мелисса Флеминг буларды айтты:

-Адам аткезчилиги кеңейип жатканы көрүнүп турат. Бул Жер ортолук деңиз эле эмес, Европанын автокербендерине өттү. Бул кишилер адам өмүрүн бир тыйынчалык көрбөйт. Качкындар жүк ташуучу унааларда, кайыктарда, Европанын чек арасында өлүүдө. Буга чекит коюлушу керек. Мигранттар Европаны башкалка кылууга аракеттенишүүдө, бирок сөөктөрү жолдо калып жатат.

Сербия менен Македониянын өкүлдөрү Венадагы саммитте Евробиримдик мигранттардын Европага тынымсыз агылуусу боюнча иш-чара иштеп чыгууга тийиштигин айтышкан болчу.

Өткөн бир эле айдын ичинде Евробиримдиктин чек арасын 107500 мигрант басып кирген.

XS
SM
MD
LG