Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Быйыл Кыргызстанда 68 жаңы мектеп бүткөрүлөт


Анын арасынан 26 мектеп жаңы окуу жылынын башталышына карата окуучуларга эшик ачса, 29 мектеп 1-октябрда, ал эми калган 13 мектеп 1-ноябрда ишке берилмекчи. Жаңы мектептердин баары: ашкана, спорт зал, акыр-чикир агызгыч, даараткана, ичүүчү таза суу жана ысык суу менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 27-августта мугалимдердин республикалык курултайында сүйлөгөн сөзүндө айтты:

-Биз мектептердеги санитардык-гигиеналык абалга өзгөчө көңүл буруп, окуучулардын арасында жугуштуу жана башка ооруларды алдын-алуу боюнча иштерди алып барып жатабыз. Бул жаатта жакында эле өкмөттүн жыйынында “Коомдук саламаттык” боюнча мыйзамдын аткарылышы талкууланып, тиешелүү органдарга тапшырмалар берилген.

Мугалимдердин 3-республикалык курултайы 26-27-августта Бишкекте болуп өттү. Иш-чаранын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев, салтанаттуу жабылышына премьер-министр Темир Сариев катышып, сөз сүйлөдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG