Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг Грузияда окуу борборун ачты


Бул аскердик окуу жайдан билим алган жоокерлер адистик чеберчилигин НАТОнун стандарттарына жеткирип, Грузиянын альянска кирүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүлөрү керек. Бул тууралуу Столтенберг окуу борборунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал аталган аскердик окуу жай Грузиянын коргонуу жөндөмүн артырууга тийиш деди. Бул милдеттерди аткарууга макулдугун Грузия былтыр сентябрда өткөн саммите берген.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили окуу борборлору “кайсы бир өлкөгө каршы эмес, бирок аймактагы коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого багытталарын” билдирди.

Орусия Грузиянын НАТОго мүчө болуусуна каршы, орус бийлиги бул аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирерин эскертип келатат.

XS
SM
MD
LG