Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Бишкекте газ менен иштеген электр станциясы курулат


Орусия Бишкекте газ менен иштеген электр станциясын куруп берүүнү убада кылууда. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кеминде "Датка-Кемин" 500 кВ электр линиясынын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы орусиялык "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушууда ушу тууралуу сөз болгонун, эгер ал электр станция иштей баштаса энергияны экспортко чыгарууга да мүмкүнчүлүк ачыларын айтты.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын аймагынын 60% газ өткөрүлөрүн, арзан көгүлтүр отун менен 400гө жакын айыл-кыштак камсыз болорун кошумчалады. Бул үчүн Орусия 700 миллион доллар инвестиция салат.

“Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошо 1 долларга сатуу боюнча келишим 2014-жылы күчүнө киргенде бийлик газ арзандайт деген, бирок соңку эки айдан бери кымбаттаганы байкалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG