Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Кыргызстан Тажикстанга электрди экспорттоо үчүн линия курат


Кыргызстан Жалал-Абаддагы "Датка" көмөк чордонунан Баткенге, андан ары Тажикстанга электр энергиясын алып өтүүчү линия курат. Курулуш иштери үч жылда аяктарын бүгүн "Улуттук электр станциялар" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов Кеминде "Датка-Кемин" электр түйүнүнүн ачылышында билдирди.

Айткуловдун белгилешинче, наркы 200 миллион долларлык долбоор "CASA-1000" программасынын алкагында ишке ашат.

- Тажикстанда 500 кВ кубаттуулуктагы көмөк чордон жайгашкан. Биз аны "Даткага" кошобуз. Бул түйүн аркылуу Ооганстан жана Пакистанга электр жарыгын экспорттойбуз, - деди Медетбек Айткулов.

Долбоорду Европа өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана башка донорлор каржылашат. (JM)

XS
SM
MD
LG