БУУнун Качкындар агенттигинин билдиришинче, быйыл Европага жетебиз деп, Жер Ортолук деңизинен өткөн качкындар менен мигранттардын саны 300 миңден ашты. Үстүбүздөгү жылы 2 500дөн ашык мигрант жана качкын Жер Ортолук деңизине чөгүп кеткен. Бул эсепке акыркы 24 саатта Ливиянын жээгинде чөгүп кетти деп боолгонуп жаткан 200 чамалуу мигрант кирбейт.
Агенттиктин маалыматына ылайык, 2014-жылы береги жол менен Европага 214 миң адам өткөн. Ал жылы 3500 мигрант Жер Ортолук деңизинде апаатка кабылып, күм-жам болгон.
28-августта Кызыл Крест уюмунун билдиришинче, Ливиянын батышындагы Зувара шаарына чукул жээкте мигранттарды ташыган кеме чөгүп кеткенден кийин деңиз сүрүп чыгарган 82 адамдын жасаты табылды.