Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Грекияда парламент таратылды


Мамлекет башчы Прокопис Павлопулоc парламентти таратуу жана 20-сентябрда мөөнөтcүз шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул мамлекетте акыркы алты жыл ичинде, тагыраак айтканда, каржылык каатчылык күчөгөн кезде өткөрүлгөн бешинчи шайлоо болуп эсептелет.

28-августта Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Василика Тану баштаган убактылуу өкмөт кызматка киришти. Ал Грекия тарыхында өкмөттү жетектеген алгачкы аял болуп саналат.

Мурдагы премьер-министр Алексис Ципрас 20-августта кызматтан кеткен. Мамлекетке каржылык көмөк көрсөтүп келаткан Еврошаркеттин айрым талаптарына каршы чыккан Ципрастын СИРИЗА партиясы алдыдагы шайлоодо көп добуш алары божомолдонууда. Рейтингдин экинчи тепкичинде оңчулдардын "Жаңы демократия" партиясы келатат.

Сурамжылоого катышкан жарандардын төрттөн бири кимге добуш берерин билбей турганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG