Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Чадда “Боко Харамдын” 10 мүчөсү өлүм жазасына тартылды


Чад республикасында “Боко Харам” экстремисттик тобунун мүчөсү деп шектелген 10 киши өлүм жазасына тартылды. Маалыматка ылайык, бул жаза аталган мамлекетте террордук аракеттер үчүн чыгарылган алгачкы өкүм. Соттолгондор арасында Чад, Камерун, Мали жана Нигерия жарандары бар.

Баш калаа Нджамена соту чыгарган чечимде белгиленгендей, быйыл жай ичинде мамлекетте кырктан ашуун адам жанкечтилердин курмандыгы болду.

“Боко Харам” Чад менен Нигерияда батыш үлгүсүндөгү билим берүүгө каршы чыгып, шарият багытында окутууну үгүттөп келишет.

Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча, алар өткөн жылдын башынан бери эки миңдей кыз-келинди барымтага алган. (SE)

XS
SM
MD
LG