30-августта түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндөн түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,
Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 17...22 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус жылуу болот.